Blog-Layout

Osh/Dresden, 23.07.2020

Eduviso немис компаниясынын Ош шаарынын врачтары үчүн жардамы

EDUVISO немис компаниясы Ош шаарынын врачтарынын обсервациясын, эс алуусун каржылап жана TES мейманканасы менен кошо уюштурду.



EDUVISO Германия EDUVISO Кыргызстан жана TES Ош мейманканасы менен кызматташтыкта Ош шаарында коронавируска каршы күрөшүүгө колдоо көрсөтөт. Ушуга байланыштуу TES мейманканасы Ош шаардык ооруканасынын доктурлары жана медайымдары үчүн алардын эс алуусуна жана карантин өтүшүнө бир нече кун мурда өз эшигин ачты. Колдоо адегенде бир айга көрсөтүлөт.

Учурда 17 медициналык адистер күндүзгү стационарга, эс алып, тактанып келип турушат, анткени мейманкана Ош шаардык оорукананын жанында жайгашкан. Дагы 10 кишини обсервацияга алышты. Азыркы убакытта врачтар жана медайымдар эки жума бою иштешет, андан кийин ошончо убакыт карантинден өтүшөт.


Германия EDUVISOнун башкы директору Торстен Свобода мындай дейт: "Биз Кыргызстандын элине ушундай кыйын учурда кандай жардам бере алабыз деп көпкө ойлондук. Азыркы учурда Германиядан Кыргызстанга приборлорду жана дары-дармек жеткирүү абдан татаал. Тилекке каршы биз компания катары немис врачтарын да авиакатышуулардын жабылганы үчүн Кыргызстанга тез жөнөтө албайбыз.


Врачтар менен медайымдарга жакшы шарттарда түнөк берүү мүмкүнчүлүгүн уюштуруу менен биз чарчап-чаалыккан врачтар жана медайымдар карантин (обсервация). учурунда өз ден соолугунун камын көрүп, калыбына келүүсүнө өз салымыбызды кошо алабыз. Бул алардын убактысын жана акча каражатын үнөмдөйт, врачтардын жана медайымдардын иштөөсүнүн оперативдүүлүгүнө жана натыйжалуулугуна өбөлгө болот. Биз врачтардын өз үй- бүлөсүнөн алыста обсервациядан өтүшү үчүн шарттарды камсыз кылуу абдан маанилүү экендигин түшүнөбүз."


EDUVISO Германиянын стандарттарга ылайык жаш адистерди даярдоого шарт түзөт. Ош шаарындагы TES мейманканасы негизинен «Памир турнеси» боюнча багыт алышкан чет өлкөлүк саякатчылар үчүн жөнөп кетүүчү жер болуп саналат.

 

EDUVISO, 23.07.2020

Почему в Финляндии самый низкий уровень заражения коронавирусной инфекцией в Европе
von Stefan Schandera 13 Nov., 2020
Почему в Финляндии самый низкий уровень заражения коронавирусной инфекцией в Европе
Эмне үчүн Финляндияда коронавирус инфекциясынын деңгээли Европа боюнча төмөн
von Stefan Schandera 13 Nov., 2020
Эмне үчүн Финляндияда коронавирус инфекциясынын деңгээли Европа боюнча төмөн
Корона: вирус жылмакай беттерде канчалык көп жашайт
von Stefan Schandera 30 Okt., 2020
Жылмакай беттерде, уюлдук телефондордун, банкоматтардын бетинде коронавирус 28 күнгө чейин жашашы мүмкүн.
Корона: как долго вирус остается живым на гладких поверхностях
von Stefan Schandera 30 Okt., 2020
На гладких поверхностях, таких как дисплеи сотовых телефонов или банкоматы, коронавирус может жить до 28 дней
von Stefan Schandera 19 Okt., 2020
Коронавирус териде 9 саатка чейин жашайт. Сасык тумоонун вирусу 2 эле саат: Жапон изилдөөсү боюнча жаңы коронавирус кишинин терисинде кадимки сасык тумоонун вирусуна караганда көпкө чейин жашоого ыктымал.
von Stefan Schandera 19 Okt., 2020
Коронавирус живет на коже до 9 часов. Вирус гриппа только 2 часа: Согласно японскому исследованию, новый коронавирус может выжить на коже человека значительно дольше, чем вирус гриппа.
Covid-19: Германияда изилдөө
von Torsten Swoboda 20 Aug., 2020
Covid-19: Германияда изилдөө. Желдетүүнү талап кылган бейтаптардын жарымына жакыны гана аман калган. Илимий изилдөө Германиянын бир ооруканасында Ковид-19 бейтаптарын дарылоонун ийгилигин көрсөтөт.
Ковид-19: Исследование в Германии
von Torsten Swoboda 20 Aug., 2020
Ковид-19: Исследование в Германии. Только около половины пациентов, которым нужна была вентиляция, выжили. Научное исследование описывает успех, с которым пациенты Ковид-19 проходили лечение в больнице в Германии.
COVID-19: Закрытие школ наиболее эффективны
von Stefan Schandera 05 Aug., 2020
Исследование, проведенное группой исследователей из Австрии, сравнило данные из 76 регионов. Эти результаты важны для борьбы с возможной второй волной COVID-19
COVID-19: Мектептердин жабылышы эң эффективдүү
von Stefan Schandera 05 Aug., 2020
Мектептердин жабылышы жана социалдык дистанция эң эффективдүү. Австриянын изилдөөчүлөрү менен жүргүзүлгөн иш 76 аймактын маалыматтарын салыштырды. Бул жыйынтыктар COVID-19 экинчи толкунуна каршы күрөшүү үчүн зарыл.
Weitere Beiträge
Share by: