19.10.2020
Коронавирус териде 9 саатка чейин жашайт
Коронавирус териде 9 саатка чейин жашайт. Сасык тумоонун вирусу 2 эле саат: Жапон изилдөөсү боюнча жаңы коронавирус кишинин терисинде кадимки сасык тумоонун вирусуна караганда көпкө чейин жашоого ыктымал.

Коронавирус териде 9 саатка чейин жашайт. Сасык тумоонун вирусу 2 эле саат: Жапон изилдөөсү боюнча жаңы коронавирус кишинин терисинде кадимки сасык тумоонун вирусуна караганда көпкө чейин жашоого ыктымал. Жапон изилдөөчүүлөрдүн "Клиникалык жугуштуу оорулар" (Clinical Infectious Diseases) журналында билдирүүсү боюнча коронавирус SARS-CoV-2 териде 9 саатка чейин активдүү бойдон калат.
Тескерисинче, сасык тумоонун А вирусу 2 эле саат жашайт. Изилдөөчүлөрдүн сөзү боюнча, эгерде колду улам жакшы жуусаңар, коронавирус менен жуктуруу коркунучун азайтууга мүмкүн. Колду дезинфекциялоочу нерсенин ичиндеги этанол менен коронавирус жана сасык тумоонун вирусун дагы 15 секунддун ичинде жоготууга мүмкүнчүлүк бар.
