Blog-Layout

Русский
18.07.2020
Торстен Свободанын байкоолору (EDUVISO Германия)

Германия коронанын биринчи толкунун эмненин жардамы менен контролдой алды? Туура жүрүм-турум жана жөнөкөй эрежелер – ийгиликтин ачкычы.

Баарына башка өлкөлөрдө башка вирус, башка жүрүм-турум, башка чаралар бардай сезилет. Бирок дүйнө бир жана биз пандемия менен байланышкан маселелерди чечүүдө бирдей кыйынчылыктарга туш болуудабыз. Кээ бири аларды салыштырмалуу бат чечүүдө, кээ бири жок. Мындай оор мезгилде туура маалымат абдан баалуу.


Мен Кыргызстандан Германияга кайткандан кийин Эл аралык аялдар күнүнө бир күн калганда 2020-жылы бул тема жандуу талкууга алынган. Бирок чектөөлөр аз эле болчу, алар биринчи кезекте Бундеслига матчтарын өткөрүү сыяктуу ири окуяларга тийиштүү эле.

Бара-бара инфекция жуккандардын деңгээли жогорулап жатканы билинди жана мындан аркы чаралар көрүлө баштады. Калкка өз ара аралыкты (1,5дан 2 метрге чейин) сактоо жана колду 30 секундадан кем эмес самындап жуу керектиги жөнүндө маалымдоо – коомдук маалыматтын негизгиси болду. Ошондо көбү «Мамлекеттин колунан келгени ушул элеби?» деген суроолорду берип баштады.

Калктын, ошондой эле окумуштуулардын пикири бат эле экиге бөлүндү: көптөгөн адамдар оорунун жайылышын алдын алуу үчүн өзүнүн жүрүм-турумун өзгөртүүгө даяр болуп жана коменданттык саат киргизүүнү талап кылды. Ошол эле учурда Ковид-19 чоң коркунуч жаратпайт деп эсептеген адамдардын саны да көп эле. Алар канчалык адамдар көп ооруса, ошончолук Ковид-19га иммунитети өөрчүйт деген пикирде болгон.

Башында мен да көп эле тынчсызданбаган адамдардын тобунда элем, алар коркунучка жеткиликтүү баа бербеди жана жамааттык иммунитетке бат жетебиз деп ишеништи.

Акыры аягында бардыгы таптакыр башкача болду: Германияда социалдык контактка тыюу салынды. Мындай мурда такыр болгон эмес, көбү мунун маанисин дароо түшүнгөн жок. Социалдык контактка тыюу салуу бул баарына көчөгө чыгууну уланта берүүгө, соода кылууга жана врачка барууга уруксат берүү дегенди түшүндүрдү.

Достору жана үй-бүлө мүчөлөрү менен жолугушууга тыюу салынды. Көчөдө 5 адамдан турган аз анча чоң эмес топ менен жүрүүгө уруксат эле. Алардын 4өө бир үй чарбасында (батирде) жашоого тийиш, ал эми бирөөнө гана башка үй чарбасында жашоого уруксат берилген.

Ошондой болсо да адамдар жумушка барып жатышты. Мүмкүн болсо, үйдө иштөө уюштурулду. Бала бакчалар, мектептер жана университеттер жабылды, көптөгөн региондордо азыркы күнгө чейин алар толук ачылган жок. Азык-түлүк дүкөндөрү жана дарыканалар ачык бойдон турду, ресторандар жана башка дүкөндөр жабылды.

Аз сандагы адамга гана кезекке туруу менен дүкөнгө кирүүгө уруксат берилди. Айрым дарылар тартыш болду – ооба, Германияда да ушундай көйгөйлөр болду. Ошондой эле тажияга катышкан адамдар 10го чейин санда болушу менен чектелди.Досторго бири-бирине баруусуна толугу менен тыюу салынды. Ким батирде катталган болсо, ошол гана ал жерде кала алган. Үй-бүлө мүчөлөрүнө камкордук көрүү үчүн барууга гана уруксат берилген.

Иш-чаралардын башында көптөгөн адамдар эрежелерди сакташты. Инфекцияга каршы күрөшүүгө бири калбай бардыгы катышкан учурда гана инфекциялык оорунун жайылышы токтотуларын дээрлик бардык адамдар түшүнгөндөй болду. Өкмөт эрежелерди гана белгилерин, ал эми инфекциянын күчөшүн болтурбоо, чыныгы апаат менен күрөшүү – адамдардын колунда экендигин бардыгы түшүндү.

Албетте, Германияда эреже сактабаган адамдар да бар. Бирок саясатчылар бир жумадан ашык убакыт ичинде эреже бузгандарды жазалоо чараларын иштеп чыкты жана коомчулук менен макулдашууну талап кылды. Жаңы эрежелер инфекция жуккандардын санын кыскартууга алып келди. Бузгандыгы үчүн жазапулдун өлчөмү немис стандарттары боюнча жогору болчу: 5 адамдан ашык топтун ар бир катышуучусуна 200 евро. Эгер уюштуруучу туулган күнүнө абдан көп адам чакырса же ушул сыяктуу иш-чаралар үчүн " уюштуруучудан“ 3000 евро алынган.

Биринчи толкунга каршы күрөшүүдө жазалоо эмес, коомдук контроль жардам берди. Кошуналар жана достор өздөрүнүн достору, жакындары, туугандары менен телефондон эреже сактоо керектиги жөнүндө талкуулап, жадагалса талашып да жатышты – ошентип алар ийгиликке жетишти.


Германияда милдеттүү түрдө беткап тагууну киргизүү менен байланышкан кыйынчылыктар болгонун белгилей кетүү кызык. Сатып алууга беткаптар жок эле, ошондуктан соода кылууда же коомдук транспортто беткап кийүүнү милдеттендирген токтомду кабыл алуу саясатчыларга кыйын болду.

Көпкө чейин: "Мамлекет сатып алууга мүмкүн болбогонду талап кылбашы керек. Бул жарандарга таңуулаган идея болот" деген маселе болуп келди. Эгер мамлекет бере албаса, алар беткапты кайдан алат? Көптөгөн адамдар талкуулардын жүрүшүндө мамлекеттен жана өкмөттөн көңүлү калды. Эгер беткаптар жок болсо, өкмөт кайдан алмак?

Йена шаары "соода кылууда, коомдук транспортто оозду жана мурунду жабуу милдеттенмесин" – башка салынуучу жоолуктун жардамы менен аткарууга болот, ал дээрлик "беткап тагуу милдеттенмесине" барабар деген токтом чыгарды. Бир жуманын ичинде инфекция жуккан жаңы учурлардын саны азайып баштады, ушундан көп өтпөй эле коомдун пикири өзгөрдү, бүтүндөй Германия боюнча "оозду жана мурунду жабуу милдеттенмеси" киргизилди.

Ушул убакта көптөгөн беткаптар тигилди – көп адамдар шашылыш кырдаалда чогуу ишти колго алып, өздөрүнө жана бардык кошуналарга беткаптарды тигишти. Акыры аягында ар бири оозун жана мурдун жабуу үчүн колго тигилген беткапка ээ болду, ал эми немистер: бардыгы чогулса жана ар бири өз салымын кошсо, пандемия менен күрөшүүгө болот деген бай жана пайдалуу тажрыйба алды.

Досторуна барууну токтотуу жана эрежелерге жана акылына баш ийүү - ооба, бул башында кыйын жана акылга дароо жетпеген, а түгүл баары үчүн жадатарлык чара. А бирок гигиена эрежелерин жана аралыкты сактоо, ошондой эле социалдык изоляцияда болуу (достор жана туугандар менен жолугушууларды болтурбоо, майрамдарды өткөрбөө) менен Германиядагы биринчи толкун салыштырмалуу бир калыпта болду. Интенсивдүү медициналык жардам даярдалды, ал айрым региондордо гана талап кылынды.

Жыйынтыгында, кымбат эмес жабдуу жана заманбап медицина инфекциянын катуу күч алуусун алдын алды, ал эми эреже сактагандар жана чоң салым кошкондор инфекциянын жайылышын болтурбады. Атап айтканда, ар бири көргөн алдын алуу чарасы оорулуу адамдар санын аныктайт. Балким, Германия да даяр эмес болгон жана көп нерселер иштин жүрүшүндө уюштурулуп жатты. Тажрыйба көрсөткөндөй, кризис шарттарында мамлекеттин туура же туура эмес жасаганын талкуулоо кеч. Андан маанилүүсү – кесепетин олуттуу болбошу үчүн азыр эмне кылуу керек экендигин ойлонуу.

Бүгүнкү күндө Германияда 9000 өлүм жана 200 000ден ашуун оорулуу катталган. Чаралар ийгиликтүү болду. Азыр катуу эрежелер ашыкча болгон деп эсептеген жана беткап кийүү милдеттенмесин аткарбаган көп адамдар бар, алар жадагалса учурда колдонулуп жаткан аралыкты жана гигиена сактоо эрежелерине каршы чыгып келет. Азыркы убакта пандемия менен күрөшүүдөгү ийгилик ушул чараларды алып салууну каалагандар жана ийгиликти өзүнүн жетишкендиги деп санагандар үчүн маанилүү аргумент болуп эсептелет.

Германияда этияттыкты сактоо жана биз чогуу баштаган ишти улантуу канчалык маанилүү экендигин түшүнбөгөн же түшүнгүсү келбеген адамдар көп экендиги мени өкүндүрөт. Кечээ соода борборунда менин кызым эл көзүнчө эреже бузуп, коргоочу беткапты кийбеген врачты көрүп калды. Коомдун пикирине таасир эткен адамдар элге үлгү болуу канчалык маанилүү экендигин түшүнбөгөндүгү кандай жаман нерсе.

Мамлекет үчүн кандайдыр бир чечим чыгаруу оңой эместигин биз түшүнүүгө тийишпиз –мамлекеттик машина көп жерде эпсиз. Андан көрө, биз өзүбүз эле жөнөкөй жана жеткиликтүү эрежелерди аткарганыбыз оң – беткап тагуу, гигиена сактоо, аралыкты кармоо жана эң башкысы – чогулбоо жана өзүңдү жана башкаларды коркунучка дуушар кылбоо. Ушул жөнөкөй нерселерден эле биздин саламаттыгыбыз жана коопсуздугубуз көз каранды.

Torsten Swoboda
18.07.2020


Почему в Финляндии самый низкий уровень заражения коронавирусной инфекцией в Европе
von Stefan Schandera 13 Nov., 2020
Почему в Финляндии самый низкий уровень заражения коронавирусной инфекцией в Европе
Эмне үчүн Финляндияда коронавирус инфекциясынын деңгээли Европа боюнча төмөн
von Stefan Schandera 13 Nov., 2020
Эмне үчүн Финляндияда коронавирус инфекциясынын деңгээли Европа боюнча төмөн
Корона: вирус жылмакай беттерде канчалык көп жашайт
von Stefan Schandera 30 Okt., 2020
Жылмакай беттерде, уюлдук телефондордун, банкоматтардын бетинде коронавирус 28 күнгө чейин жашашы мүмкүн.
Корона: как долго вирус остается живым на гладких поверхностях
von Stefan Schandera 30 Okt., 2020
На гладких поверхностях, таких как дисплеи сотовых телефонов или банкоматы, коронавирус может жить до 28 дней
von Stefan Schandera 19 Okt., 2020
Коронавирус териде 9 саатка чейин жашайт. Сасык тумоонун вирусу 2 эле саат: Жапон изилдөөсү боюнча жаңы коронавирус кишинин терисинде кадимки сасык тумоонун вирусуна караганда көпкө чейин жашоого ыктымал.
von Stefan Schandera 19 Okt., 2020
Коронавирус живет на коже до 9 часов. Вирус гриппа только 2 часа: Согласно японскому исследованию, новый коронавирус может выжить на коже человека значительно дольше, чем вирус гриппа.
Covid-19: Германияда изилдөө
von Torsten Swoboda 20 Aug., 2020
Covid-19: Германияда изилдөө. Желдетүүнү талап кылган бейтаптардын жарымына жакыны гана аман калган. Илимий изилдөө Германиянын бир ооруканасында Ковид-19 бейтаптарын дарылоонун ийгилигин көрсөтөт.
Ковид-19: Исследование в Германии
von Torsten Swoboda 20 Aug., 2020
Ковид-19: Исследование в Германии. Только около половины пациентов, которым нужна была вентиляция, выжили. Научное исследование описывает успех, с которым пациенты Ковид-19 проходили лечение в больнице в Германии.
COVID-19: Закрытие школ наиболее эффективны
von Stefan Schandera 05 Aug., 2020
Исследование, проведенное группой исследователей из Австрии, сравнило данные из 76 регионов. Эти результаты важны для борьбы с возможной второй волной COVID-19
COVID-19: Мектептердин жабылышы эң эффективдүү
von Stefan Schandera 05 Aug., 2020
Мектептердин жабылышы жана социалдык дистанция эң эффективдүү. Австриянын изилдөөчүлөрү менен жүргүзүлгөн иш 76 аймактын маалыматтарын салыштырды. Бул жыйынтыктар COVID-19 экинчи толкунуна каршы күрөшүү үчүн зарыл.
Weitere Beiträge
Share by: