Суроо Жооп

Көп

берилүүчү суроолор ✅


Бул жерден сиз өзүңүздүн

суроолоруңузга жооп таба аласыз!

  • 1. EDUVISO программасынын максаты кандай?

    EDUVISO тез жолду эмес, туруктуу жолду артык көргөн адамдар үчүн Германияда узак мөөнөттүү легалдуу иш үчүн ишенимдүү окутууну сунуш кылат.


    Биздин программанын максаты: Германияда ишенимдүү компанияда легалдуу жана жогорку квалификациялуу жумушка окутуу.


    Биздин программанын мазмуну: EDUVISO SMART программасы: Кыргызстанда медайымдарды окутуу, Германияда диплом толук таанылганга чейин Германияда квалификацияны жогорулатуу, окуп жүрүп немис тилин үйрөнүү, Германияда интеграция, Германияда ишенимдүү жана узак мөөнөттүү ишти камсыз кылуу. 


    EDUVISO START программасы: Кыргызстанда тил үйрөтүү. Абдан жакшы тил көндүмдөрүн алгандан кийин, окуу Германияда өтөт. Ар кандай жумуштар болушу мүмкүн.


    Сураныч, биздин консультациялык семинарларыбызга катышыңыз. Бул семинарларда биз өз программаларыбыз жөнүндө маалымат беребиз. Биздин семинар календарын ушул веб-сайттын «Маалымат-Семинары» бөлүмүнөн тапсаңыз болот. Сиз ошондой эле биз менен түздөн-түз байланышсаңыз болот.

  • 2. Менин айлыгым немис кесиптештеримдикинен айырмаланабы?

    Жок, сиз немис кесиптештериңиз менен бирдей айлык аласыз. Эмгек акы сиздин жеке тажрыйбаңызга (атап айтканда: бул тармакта канча убакыттан бери иштеп келе жатасыз) жана сиздин квалификацияңызга жараша болот.

  • 3. Келечекте мага ишенимдүү жумуш табылабы?

    Заманбап Германия мамлекети экономикасы өнүккөн, дары-дармектери мыкты, айлык маянасы жогору жана адамдардын өмүр сүрүүсү узак мамлекеттердин катарын толуктайт. 


    Бирок, улгайган адамдардын пайызынын өсүп жаткандыгы менен, алардын саламаттыгынын начарлашы, камкордукка муктаждыгы да жаралат, демек, ушуга байланыштуу бир катар квалификациялуу медициналык кадрларга муктаждык да өсүүдө. 


    Мисалы, медицина тармагында: Болжолдоолорго ылайык, 2035-жылы медициналык кызматкерлер учүн 500 000 жумуш орду түзүлөт жана ал жумуштарга көбүнчө чет өлкөлүктөр тартылат.


    Бирок башка тармактарда да (мисалы, курулуш, гастрономия же IT) суроо-талап жогору.


    Жумуш болот! 

  • 4. Мен Германияга Эдувизосуз эле кете аламбы?

    Биз ишенимдүү өнөктөштөр менен иштөөнү сунуштайбыз. Eduviso компаниясынын Германияда да, Кыргызстанда да компаниялары бар. Eduviso Германиянын башкаруучу директорлорунун бул жаатта 20 жылдан ашык тажрыйбасы бар. 


    Алар Германияда төрөлүп, немис маданиятын, немис эрежелерин жакшы билишет. Германияда көйгөйлөр же чыр-чатактар пайда болсо, Eduviso Germany сизге Германияда да колдоо көрсөтөт. Бул Eduviso Германияны башка көптөгөн билим берүү мекемелеринен жана агенттиктеринен айырмалап турат.


  • 5. Германиядагы EDUVISO программасынын катышуучулары кайсы тармактарда иштей алышат?

    Мисалы, Eduviso SMART программасынын катышуучулары ооруканаларда медайым болуп иштесе болот. Германияда гериатриялык жардам көрсөтүү тармагы да абдан популярдуу. 


    Бул жерде карылар үйүндө иштөө менен мобилдик жардамдын ортосунда айырма бар. Мобилдик тейлөөдө медайымдар адамдарга унаа менен келишет.


    EDUVISO START программасында башка багыттарда да окууга, иштөөгө болот. Учурда төмөнкү багыттар боюнча чоң муктаждык бар: 

    Гастрономия жана туризм; Курулуш адистери; Электрик; IТ-адиси (колледж).


    Көбүрөөк маалымат алуу үчүн бул веб-сайттын "Окуу/аусбильдунг" бөлүмүнө кайрылыңыз.

  • 6. Мен Eduviso менен үйрөнө ала турган медайымчылыктан башка кесиптер барбы?

    Ооба, башка варианттар бар. Бирок, учурда биз муну Германияда гана сунуштай алабыз. Окуу процесси толугу менен Германияда өтөт. 


    Учурда төмөнкү багыттар боюнча чоң муктаждык бар: 

    Гастрономия жана туризм; Курулуш адистери; Электрик; IТ-адиси (колледж).


    Көбүрөөк маалыматты биздин веб-сайттын "Обучение/Аусбилдунг" бөлүмүнөн, "EDUVISO Start" программасынан таба аласыз. Ошондой эле биз менен түз байланыша аласыз. Байланыш маалыматын сайттан тапса болот.

  • 7. Германияда кесиптик билим берүүнүн (орто билим/ausbildung) жалпы көрүнүшү кандай? Имиджи кандай? Кыргызстанда, мисалы, өтө жогору эмес.

    Германиядагы абал Кыргызстандагыдан таптакыр башкача. Билим алуунун Германияда эзелтен бери келе жаткан салты бар. Көпчүлүгү орто билимдүү, жогорку билими жок. Себеби, орто билим берүү системасы абдан жакшы өнүккөн. Сапаттын жогорку даражасы кеңири таанылган. Көптөгөн аймактарда адамдар жогорку билимге караганда орто билим менен жогорку билимдей эле же андан да көбүрөөк акча алышат.

  • 8. Германияда медайым канча айлык алат?

    Анча көп эмес иш тажрыйбасы бар медайым/медага үстөк  пулдар менен бирге айына 2000 доллардан 2400 долларга чейин акча алат. 


    Кээде түнкү нөөмөттө, жекшемби жана майрам күндөрү иштебесеңиз, айлык 400 долларга азаят. Эмгек стажы канчалык узак болсо, ошончолук эмгек акы жогору болот. 


    Мисалы, 10-13 жылдан кийин медайымдар айына болжол менен 3600-4000 доллар табышат (салыктарды төлөгөнгө чейин).  

  • 9. Орто билим менен башка тармактарда канча акча тапса болот?

    Курулуш тармагында, электрик же IT адиси катары орто билим менен сиз медайымдыкындай эле акча табасыз. Гастрономия тармагында же мейманкана бизнесинде азыраак.

  • 10. Германияда ассистент болуп квалификациясыз жумуш кылышым керекпи?

    Жок. Квалификация боюнча сиз немис кесиптештериңиз менен бирдей шартта болосуз. 


    Сиз Германиядагы кесиптештериңиз менен бирдей деңгээлде иштейсиз жана бирдей айлык аласыз. 


    Германияда мигранттарды дискриминациялоого тыюу салынган.

  • 11. Бул диплом менен Германияда мындан ары өнүгүү үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

    Германияда бул багыттар боюнча башка көптөгөн өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Сиз, мисалы, адис медайым болуу (эгерде сизде медайымдык диплом болсо) же башкы медайым катары бөлүмдү жетектөө үчүн кошумча окуудан өтсөңүз болот.


    Сиз ошондой эле саламаттыкты сактоону башкаруу боюнча дагы бир даражаны бүтүрүп, андан кийин оорукана сыяктуу башкаруу тармагында иштей аласыз.


    Орто билими бар башка багыттарда дагы окууга болот.

  • 12. Эдувисо Германияда мага кам көрөбү?

    Ооба. EDUVISO GmbH - немис компаниясы. Биз өзүбүздү Германиядагы студенттерибиздин өкүлдөрү катары көрөбүз. Биз өнөктөш катары сиз тарапта болуп, көйгөйлөрдү чечүүгө жардам беребиз

  • 13. Маалымат үчүн Eduviso Германия менен байланыша аламбы?

    Биздин немис кесиптештерибиз сизге жеке кеңеш берүүгө кубанычта болушат. Тилекке каршы, алар кыргыз тилин билишпейт (эне тили немец тили). 


    Бирок алар Борбор Азияда жана Чыгыш Европада көптөн бери иштешкен (негизинен БУУ, Дүйнөлүк банк жана GIZ сыяктуу эл аралык уюмдарда), ошондуктан орусча сүйлөшөт (акцент менен). 


    Керек болсо котормого жардам беребиз.

  • 14. Программага катышуу үчүн немис тилин билишим керекпи?

    Жок. Немис тилин үйрөнүү биздин программабыздын бир бөлүгү. Эгер сиз буга чейин немисче билсеңиз, анда бул артыкчылык болот. 


    Анткени анда сиз (балким) тезирээк үйрөнөсүз. Бирок бул программага катышуу үчүн милдеттүү шарт эмес.


    Көнүл буруңуз, EDUVISO START программасына катышуу (окутуу толугу менен Германияда өтөт) эгерде сиз немис тилин жакшы билсеңиз гана мүмкүн. Себеби, Германиядагы кесиптик окуу жай (институт) толугу менен немец тилинде өткөрүлөт. Немис тилин начар билсеңиз, Германиядагы кесиптик окуу жайдын талаптарына жооп бербей калуу коркунучу өтө жогору. Ошентип, биздин EDUVISO START программабыздын алкагында сиз алгач Кыргызстанда немис тилин үйрөнөсүз.


    Бул EDUVISO SMART программасы менен бир топ оңой (учурда медайымдык ишинде гана мүмкүн). Ошондуктан бул кесипке кызыккандарга EDUVISO SMART программасын сунуштайбыз. Бул сайттан биздин программалар жөнүндө көбүрөөк билсеңиз болот.

  • 15. Мен Германияга кантип тез убакытта көчүп кете алам? Ал жакка билими жок деле көп жаштар барып жатышатко

    EDUVISO-өнөктөш медициналык колледж программасы Германияда мыйзамдуу узак мөөнөттүү жана жакшы акы төлөнүүчү ишти жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдоону сунуш кылат. 


    Бул оңой жана тез болбошу мүмкүн, бирок ал ишенимдүү жана туруктуу!

  • 16. Программага катышуу канча турат? Мен кандай чыгымдарды күтүшүм керек?

    EDUVISO SMART программасы (Кыргызстанда 3 жыл окуу жана тил үйрөнүү; Германияда 1 жыл окуу):


    Кыргызстанда сиз колледжде окуу үчүн төлөйсүз жана немис тилин окуу акысынын бир аз бөлүгүн төлөйсүз. Тил үйрөтүүнүн көбү программа тарабынан каржыланат. Германияда окуунун төртүнчү жылы да программа тарабынан каржыланат


    EDUVISO SMART программасы ишке ашырылган ар кандай шаарлар бар. Ошондуктан, наркы ар кандай болот. Сураныч, биз сизди конкреттүү маалымат менен камсыз кылуу үчүн биз менен байланышыңыз.


    EDUVISO START программасы (Кыргызстанда немис тилин үйрөнүү 2 жыл, андан кийин Германияда 3 жыл окуу):

    Көбүрөөк маалымат алуу үчүн биз менен байланышыңыз.


  • 17. EDUVISO программасы канча убакытка созулат?

    EDUVISO SMART программасы 4 жылга созулат. Кыргызстанда 3 жыл, Германияда 1 жыл окуйсуз.


    EDUVISO START программасы 5 жылга созулат. Алгач 2 жылдан кийин Кыргызстанда немис тилин үйрөнөсүз. Андан кийин Германияда үч жылдык окуудан өтөсүз.

  • 18. Студенттер Германияга биринчи жолу качан бара алышат?

    EDUVISO SMART программасында студенттер Германияга биринчи жолу стажировка же эс алуу жумушунун (Ferienjob) бөлүгү катары келишет. Бул колледждин биринчи жылында эле болушу мүмкүн.


    EDUVISO START программасынын катышуучулары болжол менен 2 жылдан кийин Германияга келишет.

  • 19. Программаны аяктагандан кийин кандай дипломдорду жана сертификаттарды алам?

    EDUVISO SMART программасын аяктагандан кийин сиз Германияда тааныла турган Кыргызстандын медайымдык/медагалык дипломуна ээ болосуз. Германияда таанылган диплом Германиянын дипломуна туура келет. 


    Бул диплом менен бүтүрүүчүлөр Германияда иштеп, акча таба алышат. Сиз ошондой эле эл аралык таанылган немис тили курсунун сертификатын аласыз (мисалы, Гёте институту).


    Ошондой эле EDUVISO START программасынын катышуучулары тил дипломун жана немис дипломун алышат.


    Немис диплому менен Германияда таанылган кыргыз диплому сапаты жагынан айырмаланбайт. Германияда таанылган Кыргызстандын диплому Германиянын диплому менен бирдей статуска ээ.


  • 20. EDUVISO SMART окуусу кайда өтөт?

    Сиз Бишкек, Нарын, Ош же Кара-Балта шаарларындагы өнөктөш медициналык колледжде медайымдык кесипти окуйсуз.Тил үйрөтүү EDUVISO KG тарабынан уюштурулуп жана медколледждин сабак тартибине айкалыштырып киргизилет. 


    Кыргызстанда окууну бүтүргөндөн кийин силер окууну Германиядан улантасыңар. Ал окуу практика жана теория бөлүмдөрдөн турат жана бир жылга жакын созулат.

  • 21. EDUVISO START программасынын алкагында окуу кайда өтөт?

    Биринчиден, сиз немис тилин абдан жакшы үйрөнүшүңүз керек. Бул Кыргызстанда болот. Буга болжол менен 2 жыл талап кылынат. Андан кийин окуу Германияда үч жыл өтөт.

  • 22. Мен акча таба башташ үчүн канча убакыт керек?

    EDUVISO SMART программасынын катышуучулары окуунун төртүнчү жылында (Германияда) эле айлык алып башташат. Бул азырынча толук айлык эмес. Бирок алар ижара акысын жана тамак-ашын төлөгөнгө жетет.


    EDUVISO START программасынын катышуучулары мындай айлыкты үчүнчү курстан баштап (Германияда окуунун башталышы) алышат. Бул жерде да ошондой: бул толук айлык эмес, бирок Германияда окуп жүргөндө жашоону каржылайт.


  • 23. Германияда окуу жылында кайсы каражат менен жашайм? Германияда окуу акысын төлөшүм керекпи?

    Германияда окуу мезгилинде сиз квартира, керектүү страховка жана кичине (бирок толук эмес) айлык аласыз.


    Германияда окуу үчүн эч нерсе төлөбөйсүз. Бул Германияда окуп жүргөндө эч кандай чыгымга учурабайсыз дегенди билдирет. Турак жай, страховка, ден соолук страховкасы, азык-түлүк, кийим-кечеге кошумча чыгымдар ж.б.


    Айтмакчы: Германияда көптөгөн жаштар башка жаштар менен чогуу жашаганды жакшы көрүшөт. Бул аларга жаңы досторду таап, көп акчаны үнөмдөйт. Албетте, мындай батирде ар бир адамдын өзүнүн бөлмөсү бар.

  • 24. Эгерде менде диплом бар болсо, программага кошула аламбы?

    Бул сиздин дипломуңуздан көз каранды. Сураныч, биз муну талкуулашыбыз үчүн биз менен байланышыңыз.

  • 25. Менде медайымдык, медагалык же фельдшердик билимим бар. Мен деле программага катыша аламбы?

    Ооба, бул негизинен мумкун. Бирок сиз биринчи кезекте немец тилин Кыргызстанда  уйронуш керексиз. Бул биздин программанын чегинде мумкун.

  • 26. Фармацевт, тиш доктур же акушер деген адистик боюнча кыргыз дипломум бар. Же мен бул тармактарда студентмин. Германияда ушул кесиптер боюнча иштесем болобу?

    Илекке каршы, Кыргызстандан келген фармацевттердин, стоматологдордун Германияда бул жаатта иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок. Эгер сиз акушер болсоңуз, бул сиздин дипломуңузга жараша болот. Сураныч, биз бул тууралуу сүйлөшүү үчүн биз менен байланышкыла.

  • 27. 11-класстан кийин гана катыша аламбы?

    Ооба, 11-классты бүтүрүү керек. Бирок быйыл 11-классты бүтүрөсүздү же балким эртерээк бүттүрөсүздөрбү, айырмасы жок

  • 28. ОРТ (ЖРТ) талап кылынабы?

    ОРТ EDUVISO SMART программасына катышуу үчүн милдеттүү эмес. Бирок бул артыкчылык.


    EDUVISO START программасына катышуу үчүн (немец тилин жакшы билгенден кийин Германияда окуу үчүн), биз эң аз дегенде 150 баллдан жогору ОРТ күтөбүз.

  • 29. Эмне үчүн мындай программа азыр гана иштей баштады?

    Германияда квалификациялуу жумушчуларды мыйзамдуу иммиграциялоо мүмкүнчүлүгү чектелген адистердин чөйрөсү үчүн гана мүмкүн болгон. 


    2020-жылдын март айынан баштап Германияда адистердин иммиграциясы жөнүндө жаңы Мыйзам иштеп, алар кесиптердин тизмесин кеңейтти. Азыр, бир катар шарттарды эске алуу менен, медайымдар Германияда узак жана мыйзамдуу иштей алышат, ошондой эле алар үчүн жарандык алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүштү. 

  • 30. Немис тилин ийгиликтүү үйрөнүүгө канча убакыт талап кылынат?

    Сиздин медайымдык билимиңизден тышкары (EDUVISO SMART программасы) сиз жумасына 6 сааттан 9 саатка чейин немис тили сабагын жана үй тапшырмасын аласыз.


    Окутуунун жүгү университеттин курсуна окшош. Үч жылдан кийин сиз немисче жакшы сүйлөп каласыз.


    Айтмакчы, бул EDUVISO SMART программасынын артыкчылыгы: сиз немис тилин жана кесибиңизди бир эле учурда чогуу үйрөнөсүз.


    EDUVISO START программасында немис тилин үйрөнүү үчүн сизге 2 жылдай убакыт керек болот. Бул учурда сиз абдан тартиптүү окуп, немис тилин үйрөнүүгө басым жасашыңыз керек. Болбосо, сиз муну кыла албайсыз.

  • 31. Немис тилин тезирээк үйрөнүүгө болобу?

    Мисалы, эгер сиз буга чейин немис тилин жакшы билсеңиз, бул мүмкүн. Бул сиздин канчалык тартиптүү экениңизден көз каранды.


    Биздин тажрыйба көрсөткөндөй, немис тилин аз же так билбесе, бир эле жылдын ичинде немис тилин жакшы деңгээлде үйрөнүү мүмкүн эмес.


    Биздин тажрыйбабыз көрсөткөндөй, көптөр бул өтө амбициялуу жолдон баш тартып жатышат. Ошондой эле айрым уюмдардын реалдуу эмес убадаларына ишенбөөнү сунуштайбыз.

  • 32. Программа онлайн өтөбү?

    Окутуу онлайн эмес. Бул кадимки эле окуу. Учурда программа үчүн маалыматтык семинар гана онлайн өтөт.

  • 33. Канча жашка чейин сиздердин программага тапшыруу мүмкүн?

    Курактык чектөө жок. Бирок, биздин тажрыйбада белгилүү бир жаштан кийин жаңы тилди үйрөнүү өтө кыйын. Бул чек 32 жаш деп белгиленди. 


    Бирок эгерде адамдын энергиясы бар болсо, анда ушул жаштан баштап жаңы тилди үйрөнүү ар бир адамдын жеке чечими.

  • 34. Германияда жашоо кымбатпы?

    Туура, бирок бул көбүнчө кайда жана кантип жашаганыңызга байланыштуу. Мюнхен сыяктуу чоң шаарда жашоо кичинекей шаарга караганда алда канча кымбат. 


    Тамак -аш да өтө кымбат эмес жана өтө сапаттуу. Кийимдер кымбат эмес,  Кыргызстандагыдай эле, ошондой эле абдан сапаттуу. Эмеректерде да ошондой.

  • 35. Эркектер менен да, аялдар менен да иштешемби?

    Ооба, Германияда гендердик бөлүнүү жок. Медайымдар жана медагалар аялдар менен да, эркектер менен да иштешет. 

  • 36. Германияда мигранттарга немис медайымдарына караганда жаман мамиле жасалабы?

    Жок. Сиздер бирдей айлыкка, бирдей жеңилдиктерге, бирдей страховка жана бирдей укуктарга ээ болосуз. Жана ошондой эле бирдей жоопкерчиликтерге ээ болосуз. Германияда жумушта эч кандай дискриминация жок.

  • 37. Мен Берлин же Мюнхен сыяктуу чоң шаарда иштеп, жашагым келет. Бул мүмкүнбү?

    Негизи бул мүмкүн. Бирок, биз башында сунуш кылбайбыз. Ижаранын жана жашоонун баасы өтө жогору. Батир табуу абдан кыйын. 


    Ал жерде көптөгөн мигранттар жашайт, анын ичинде кыргызстандыктар да бар. Бул ыңгайлуу жана оңой болушу мүмкүн, бирок Германияда интеграцияны абдан кыйындатат.

Жоопту таппадыңызбы?

Биздин маалымат семинарларыбызда сизди кызыктырган бардык суроолорго жооп берүүгө даярбыз. Бул жерде сиз календарды таба аласыз. Сиздерди чын жүрөктөн чакырабыз:

Инфо-семинар

Бизге Whatsapp аркылуу жазыңыз:

Сиздин кеңешчиңиз:

Каныкей Нурланова

  • 2023-жылы EDUVISO программасы жөнүндө" деген интервьюну көрүүнү govori.tv каналында сунуштайбыз:
Share by: