article18042021kg

18.04.2021

Германиядагы жумуштун келечеги: Немис менталитети кандай?

Акыркы он жылдарда Германия эл аралык адистиктерде иммиграция үчүн абдан жагымдуу өлкөлөрдүн бирине айланды. Немис менталитети кандай?

Берлин – Германиянын борбору

© Shutterstock


Акыркы он жылдарда Германия эл аралык адистиктерде иммиграция үчүн абдан жагымдуу өлкөлөрдүн бирине айланды. Германиянын чейрек калкы миграциялык фон менен жашайт. (Миграциялык фон — бул адам өзү же анын ата-энесинин бири туулганда Германиянын жараны болгон эместигин билдирет ).Мигранттардын эң чоң топтору – бул Түркиядан же мурдагы Советтер Союзунан чыккандар. Германияда ар кайсы тилдерде: түркчө, орусча, англисче, ал тургай арабча сүйлөгөн көп жарандарды жолуктурууга болот. Германияда чет өлкөлүктөрдүн миграциясы жакшы уюштурулган. Ар кандай баалоолор жана рейтингдер боюнча Германия иммиграция үчүн 10 эң мыкты топ- мамлекеттердин катарына кирет.

 

Германиянын аймагында жашаган чет өлкөлүктөрдүн чоң пайызы аны башка маданияттарга карата толеранттуулугу жогору ачык өлкөгө айлантты. Ошол эле учурда немистерге алардын өздөрүнүн калыптанган салттуу жашоо ыңгайын сактоо маанилүү: укуктун үстөмдүгү принциптерин жетекчиликке  алуу - мыйзамга баш ийүү, коррупциянын жоктугу жана мыйзам алдында бардык адамдардын бирдейлиги; жашоонун эң жогорку сапаттуулугун, жашоо-тиричиликте жана иште жакшы уюштуруучулукту жана системдүүлүктү колдоо. Дал ошондуктан кээ бир немистер чет өлкөлүктөргө акыл үйрөтүп жаткандай көрүнөт. Жеке эч нерсе жок, немецтер болгону тартипти абдан жакшы көрүшөт.


Германияда үй - бүлө Кыргызстандагыдай эле абдан маанилүү. Ошону менен бирге орто статистикалык немец үй-бүлөнүн көлөмү кичирейди жана адамдар балдарды кечирээк күтүп калышты. Немецтер биринчи кезекте финансылык көз карандысыздыкка умтулушат жана ошондой абалга жетээр менен үй - бүлө күтүшөт. Гериатриялык медициналык жардам – бул улгайган бейтаптарга же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга өмүрүн узартуу жана сапатын жакшыртуу үчүн узак мөөнөттүү адистештирилген медициналык, социалдык жана психологиялык жардам.


Немецтер абдан тартиптүү. Алар бардыгын пландаштырганды жана уюштурганды жакшы көрүшөт. Бул жеке турмушуна да тиешелүү. Немецтер спорт, музыка ж.б. менен алектенүү үчүн кызыкчылыктар боюнча клубдарга жана жамааттарга биригүүнү жакшы көрүшөт. Айрым уяң мүнөз иммигранттарга жаңы досторду табуу кыйын жана ушундай бирикмелерге катышуу аларга немецтерди жакшыраак түшүнүүгө жардам берет. Ошондой эле Германияда ар кайсы өлкөлөрдөн келген мигранттардын жамааттарынын тарамдалган тармагы бар, алар бош убактыларын чогуу өткөрүшөт.


Немецтер саякаттаганды жакшы көрүшөт. Аларды тамашалап «саякаттоо боюнча дүйнөнүн чемпиондору» дешет.

EDUVISO башкы офиси Дрезденде жайгашкан

© Shutterstock


Немецтердин менталитетинин өзгөчөлүктөрүн түшүнүп, алардын салтына жана жашоо ыңгайына урматтоо менен мамиле кылып, немец тилинде жакшы сүйлөп, Германияда ишенимдүү досторду оңой жана тез тапса болот.


© EDUVISO, 18.04.2021   


11 класстын бүтүрүүчүлөрүнө
Медаймдын, медбраттын Германияда мансабы

Он-лайн семинар

Video:

Германияда потенциалыңды ач!


EDUVISO Германиянын башчысы Торстен Свобода сизди EDUVISO программасы менен тааныштырат.


Русский
Share by: