article13042021kg

12.04.2021

Германиядагы жумуштун келечеги: Кандай жана Германиянын кайсы жеринде медайымдар иштейт жана алардын ишине эмне кирет?

Германияда медайымдар негизинен үч тармакта иштейт: ооруканада, гериатрдык борбордо жана пациенттерге мобилдүү жардам берүү. Кийинки макала сизди ушул тармактар менен тааныштырат.

Оорукана

Ооруканаларда медайым/медагалардын иши дарыгерлердин көрсөтмөлөрүн так аткарууга багытталган жана адатта алар төмөнкүлөрдү камтыйт: кароо, камкордук көрүү жана стационардык шартта пациенттерге байкоо жүргүзүү.

 

Милдеттер төмөнкүлөр : таңылганды алмаштыруу, врач белгилеген дары-дармектерди берүү, ийне саюу, венага ийне коюу , жеке гигиенаны сактоого жана тамактанууга жардам берүү, бейтаптарды төшөккө жаткыруу, дезинфекциялоо жана коляскасын сүйрөп пациенттер менен сейилге чыгуу.

 

Ооруканалардагы медайымдар/медагалар медициналык кароо учурунда жана хирургиялык операциялар учурунда жардам беришет, медициналык жабдууларды жөндөйт, көзөмөлдөйт, эртең мененки врачтардын кароосу учурунда аларды коштойт, административдик документтер менен алектенет.

 

Ооруканада медайымдын/медаганын андан аркы карьералык мүмкүнчүлүктөрү: 



  • Операциядан кийинки медайым/медага катары окутуу
  • Интенсивдүү терапия / анестезия жаатындагы медайым-адистер
  • Балдарды жана жаш адамдарды кароо
  • Башкы медайым

Гериатриялык борбор



Гериатриялык медициналык жардам – бул улгайган бейтаптарга же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга өмүрүн узартуу жана сапатын жакшыртуу үчүн узак мөөнөттүү адистештирилген медициналык, социалдык жана психологиялык жардам.


Гериатриялык медайымдын/медаганын милдеттери төмөнкүлөр болушу мүмкүн: пациенттин кан басымын, температурасын, тамырдын кагышын жана дем алуусун өлчөө; жеке гигиена жана тамактануу маселелеринде колдоо; дары каражаттарын өз убагында берүү; медициналык процедураларды жүргүзүү; таза абада сейилдөө.

 

Гериатриялык айымдын жеке жоопкерчилиги өтө жогору болушу керек, анткени ал пациенттин ал -акыбалын көзөмөлдөйт жана ошондой эле, өзгөрүүлөргө жана анын муктаждыктарына туура чара көрүшү керек.


Гериатриялык медайымдын/медаганын кийинки карьералык мүмкүнчүлүктөрү: 


  • Медайым кызматынын башчысы
  • Башкы медайым

Пациенттерге баруу


Амбулаториялык жана социалдык медайым/медага мезгил-мезгили менен пациенттерге жана улгайган адамдарга күнүмдүк жашоосун жеңилдетүү жана зарыл медициналык процедураларды жүргүзүү үчүн үйүнө келип турат.

 

Көбүнчө милдеттеринин катарына: тамактанууга жана жеке гигиенага жардам берүү; кан басымын жана канттын деңгээлин өлчөө; медициналык процедураларды жүргүзүү жана бейтаптарга дары-дармек берүү; тез жардам келгенге чейин ыкчам медициналык жардам көрсөтө алуу (зарыл болсо) жана административдик документтерди жүргүзүү кирет.

 

Мындай медайымдын/медаганын жеке жоопкерчилиги баарынан жогору, анткени пациенттердин алакыбалы, ыңгайлуулугу жана маанайы ага гана байланыштуу болот.   



Бул иш боюнча маанилүү эскертүү: 


  • Медайым/медага айдоочулук күбөлүгүн алышы керек
  • Авто унаа иш берүүчү тарабынан берилет


© EDUVISO, 12.04.2021   


11 класстын бүтүрүүчүлөрүнө
Медаймдын, медбраттын Германияда мансабы

Он-лайн семинар

KaktusMedia:

Хотите легально работать в Германии? У вас появилась такая возможность!

Рекомендуем эту статью о нашей программе на Kaktus Media (12.07.2021):


Video:

Германияда потенциалыңды ач!


EDUVISO Германиянын башчысы Торстен Свобода сизди EDUVISO программасы менен тааныштырат.


Русский
Share by: